Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагында 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен жана ар кандай инвестиция тартуу жолу менен жалпы 263 миллион сомдон ашык акча каражатка бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылды.
Балбай айыл аймагында 10 айыл камтылып, жалпы 3467 кожолук болсо, жашоочулардын саны 16 миӊге чамалайт. Узап бара жаткан 2024-жылы эки айылда таза суу чыгарылып, социалдык мекемелердин курулушу, ички жол, жарыктандыруу жана көпүрөлөрдүн оңдолушу менен коштолду.
Айыл өкмөт башчысы Максат Бакасовдун айтымында, Күрмөнтү жана Кичи-Өрүктү айылындагы ичүүчү сууга болгон муктаждык 30 жылдан бери чечилбей келген.
«Эл аралык уюм аркылуу таза суу көйгөйү быйыл Күрмөнтү (Ак-Булак) жана Кичи-Өрүктү айылында чечилди. Эки айылда жүргүзүлүп жаткан Курулуштун жалпы баасы 221 миллион сомду түзөт. Долбоорго ылайык, бул айылдарда советтер союзунун мезгилинде курулган суу топтоочу жай менен түтүктөр алмаштырылып, заман талабына жооп берген скважина, резервуар жаӊыланып, жаӊы хлорлоочу жай ишке киргени турат. Мындан сырткары, атайын эсептегичтер орнотулуп, мектепке санитардык курулуш камтылууда. 2025-жылы курулуш толугу менен аяктаса, жергиликтүүлөргө таза суу үзгүлтүксүз берилет», - деди М.Бакасов.
Быйылкы жылдын эсебине жергиликтүү калкка ичүүчү сууну сапаттуу камсыз кылуу менен катар эгин-талааларга сугат суу жеткирүүчү ирригациялык иштер колго алынды. Ошондой эле, Күрмөнтү айылынын ички көпүрөсү, 4,5 чакырым ирригациялык система тазаланып, калыбына келтирилди.
Ал эми Балбай айыл аймагына караштуу бир нече айылдардын ички жолдору түздөлүп, жер-топурак жумуштарына жана ички көпүрөлөрдү оӊдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүндү. Жалпы узундугу 38 чакырым аянттагы ички жолдорго, шагыл төгүү жумушу пландалып, Ой-Тал, Ой-Булак, Күрмөнтү айылынын ички көчөлөрү түздөлүп, оор техникалар тартылды.
Муну менен катар ушул эле Ой-Тал, Ой-Булак, Кичи-Ѳрүктү, Фрунзе жана Ак-Булак айылынындагы ички көпүрөлөр жасалууда. «Балбай өнүгүү» муниципалдык ишкананын жетекчиси Темирбек Исмаилбеков жергиликтүү тургундар үчүн эӊ кооптуу маселе жараткан көпүрөлөр алгачкы жолу колго алынып жатканын белгиледи.
«Жогоруда белгилеп өткөн айылдардын ичинде ички арык көпүрөлөргө шакекче коюлуп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол бир нукка келтирилүүдө. Мындан сырткары, Ак-Булак айылындагы унаа өтө тургандай чоӊ көпүрө оӊдоого план бекитилген. Маселен, бул айылдын жогору жагында орун алган эски көпүрө кышкысын муз тоӊуп, жашоочулар үчүн эӊ чоӊ көйгөй жаратып келген. Бүгүнкү күндө "Насип строй" жана "Кожомкул ата" подрядчы компания тендер утуп, оӊдоо жумуштарын толугу менен аткарууда», - деди Т.Исмаилбеков.
Балбай айыл аймагында 2024-жылы бир катар социалдык мекемелердин курулушу жүрдү. Анда эӊ орчундуу маселе болуп эсептелген бала бакча, мектеп жана санитардык гигиеналык абалдын жакшырышы менен спорт аянтчалары, фельдшердик акушердик пункт салынып, кичи футбол аянтчалар ишке берилди.
Маалыматка ылайык, Балбай айылына 2 кабаттан турган 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталып, республикалык бюджеттен 64 млн 711 миӊ сом каржыланды. Курулуш толугу менен 2025-жылы аяктап, 1-сентябрь — Билим күнүнө карата жеткинчектерге эшигин ачат.
Социалдык мекемелердин катарында Фрунзе айылына дагы жаӊы мектептин курулушу жүргүзүлөт. Маселен, бир миӊге чамалаган калкы бар бул айылда 1978-жылы курулган билим уянын эскилиги жетип, 2013-жылы авариялык абалга кептелген. Эки кабаттуу мектептин долбоору 144 миллион 234 миӊ сомго бааланып, курулуш 2026-жылы толугу менен аяктап 225 окуучуга каалгасын ачат.
Мындан сырткары, Кичи-Өрүктү айылында калкка медициналык жактан тейлөө көрсөтө турган фельдшердик акушердик пункт заманбап шартта курулууда. Эмкананын жалпы наркы 6 млн 700 миӊ сомго бааланып, Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланды.
Ал эми инфратүзүмдүк өнүгүүгө карай айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 миллион 949 миң сомго көчөлөр жарыктандырылып, Ой-Булак коопсуз айылга айланды.
«Жалпы жыйынтыктап айтканда, Балбай айыл аймагында 2024-жыл жемиштүү болду десем жаңылышпайм. Жамаатыбыз менен биримдикте жергиликтүүлөрдүн негизги муктаж болгон маселелерин чечүүгө аракетибизди жумшадык. Жергиликтүү бюджетибиз 44 миллион сомду түзөт. Бул акча каражат социалдык мекемелердин ремонт иштерине, Күрмөнтү айылындагы кичи футбол аянтчасына, айылдын ички жолдоруна жана түнкү жарыктандырууга жумшалды. Ал эми калган ири долбоорлор Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, райондук фонд, дем берүүчү гранттар аркылуу жүзөгө ашып, башка инвестиция аркылуу салым болду. Жылды жыйынтыктоо алдында жаштарга дем-күч берип, спортко чакыра турган 7 айылга салынып жаткан кичи футбол аянтчанын бешөөнө салтанаттуу ачылыш жасадык», - деп айыл өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктады.