Turmush — Түп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылында «Солтонкул ата атындагы Ынтымак ордосу» аксакалдар санжыра жана маданий борбору пайдаланууга берилди. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жарлыгына ылайык ишке ашырылды.
Долбоордун негизги максаты — жаш муун менен айыл аксакалдарынын башын бириктирип, өспүрүмдөргө каада-салт, үрп-адат, улуттук нарк-насил жана кол өнөрчүлүк боюнча билим берүү, ошондой эле маданий иш-чараларды уюштуруу.
Салтанаттуу ачылышка алыскы жана жакынкы аймактардан келген коноктор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, борбордун өзгөчө жасалгасы менен таанышты. Айыл элинин башын бириктирген бул маданий жайда меймандарды кабыл алуу бөлмөсү, кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен жасалган боз үй, жаштар үчүн элдик китепкана, манасчылар мектеби жана элдик музей жайгашкан.
«Эл-Мурасы» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Эрмек Карыпбаев долбоордун маанисине токтолду.
«Ынтымак ордосун ар бир айылда негиздеп, ага ошол аймактан чыккан белгилүү инсандардын ысымдарын берүү аркылуу кыргыз элин уруу же аймакка бөлбөстөн, бир эл, бир түндүк алдында бириктирүүнү көздөп жатабыз. Бул демилгени өлкө башчысы колдоого алган. Ошондуктан Ынтымак ордосунун алгачкыларынын бири болуп Кең-Суу айылында ачылып жатканы бекеринен эмес. Келечекте республика боюнча 2 миң айылда ушундай борборлорду куруу максатыбыз бар», — деди ал.
Ынтымак ордосунун ишмердүүлүгү кыргыз элинин улуттук мурастарын сактоого жана жаш муунга туура тарбия берүүгө багытталган. Бул жерде айыл аксакалдары жаштарга кеп-кеңешин берип, элдик жыйындарды өткөрсө, ак элечекчен энелер кыз-келиндерге улуттук буюмдарды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, борбордун аймагына кыргыз боз үйүнүн тигилиши жаштар үчүн өзгөчө мааниге ээ.
«Боз үйдү тигүү жана чечүү, анын эр-азаматтарга жана кыз-келиндерге тиешелүү өзгөчөлүктөрүн жаш муунга тааныштыруу аркылуу улуттук баалуулуктарды сактап калабыз. Мындан тышкары, боз үйдүн ичинде кыз-келиндер үчүн сайма саюу, ийик ийрүү жана кийиз өнөрү боюнча мастер-класстарды үзгүлтүксүз өткөрүүнү пландап жатабыз», — дешет жергиликтүүлөр.
Кең-Суу айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ынтымак ордосунун жалпы аянты 8 сотых жерди түзөт. Курулуш иштерине демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, айыл жаштары активдүү катышканын Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаев билдирди.
«Солтонкул бий өз мезгилинде Кең-Суу айылынын түптөлүшүнө салым кошуп, эл-жерине кызмат кылган инсан болгон. Ошондуктан анын ысымын Ынтымак ордосуна берүү туура деп табылды. Келечекте бул жай айыл аксакалдары менен энелердин, жаштардын жолугушуулары өтүп, элеттин өнүгүүсүнө багыт берген борборго айланат. Курулуш иштерине Азат Сабиров чоң колдоо көрсөттү. Ошондой эле айыл жаштары эмгегин жумшап, энелер тамак-аш уюштуруп, жалпы эл болуп жардам беришти», — деди ал.
Ынтымак ордосу Түп районунда алгачкылардан болуп пайдаланууга берилди. Мындан ары мындай борборлорду Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда да ачуу пландалууда.
Түп районунун акими Талантбек Мадияров бул саамалык улуттук баалуулуктарды сактоо багытындагы маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Элибиздин бай тарыхын, каада-салтын жана маданий мурастарын кийинки муунга жеткирүү зарыл. Учурда райондогу башка айылдарда да ушундай ордолорду куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп, каржылоо булактары каралууда. Президентибиздин жарлыгына ылайык, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган маданий иштер ырааттуу жүргүзүлүп жатат. Билим берүү, өндүрүш жана социалдык тармактар менен катар маданият тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы объектилер пайдаланууга берилүүдө», — деди Т.Мадияров.