Turmush — Баткен районунда изделген 2 окуучу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2 кыз сабактан кийин Баткен шаарындагы паркка барып, ошол күнү үйлөрүнө кайтып барышкан эмес. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Баткен РИИБ кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын бири тоголок жетим кыз экендиги аныкталган. Ошол эле күнү кечке маал 2 кыз Баткен шаарынан табылып, бири ата-энесине, бири камкор атасына өткөрүлүп берилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле милиция кызматкерлери тоголок жетим кыздын жашаган жерине жергиликтүү социалдык кызматкер менен биргеликте барып, анын жашоо шарты менен таанышуу иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 административдик протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.