Turmush — Алай районунун Мурдаш айылынын А.Жээнбеков атындагы орто мектебиндеги окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
- Буга чейин социалдык тармактарга аталган мектепте чоң класстагы окуучулары өздөрүнөн кичине класстардагы окуучуларга салык салганы, мугалимдер аларды тартипке чакырып, андан кийин чоң класстын окуучулары апаларын чакырып, алар чыр салганы жөнүндөгү видео тараган.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган окуя Алай РИИБде катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат жана окуя боюнча толук маалымат берилет.
Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбей турганын кабарлады. 16-апрель күнү Алай районундагы орто мектептердин биринде спорттук иш-чарага байланыштуу мугалим менен окуучулардын ата-энелеринин ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Бул факты боюнча 20-апрель күнү милиция кызматкерлери жерине барып, текшерген учурда окуяга катышуучулар эч кимдин эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдиришкен.
Ал эми социалдык тармакта тараган видеодо 10-класстын окуучулары 9-класттын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн делген маалымат чындыкка дал келбейт.
Учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.