Turmush — Түп районунун борбору болгон Түп айыл өкмөтү жыл жыйынтыктоо алдында кезектеги аткарган иш-аракети менен тааныштырды.
Узап бара жаткан 2023-жылы айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттен жана башка кошумча каржы булактардан социалдык мекемелердин көйгөйлөрү чечилди.
Пландык иш-аракеттин алкагында Түп айылындагы эки бала бакчанын таза суу жана саркынды суу түтүктөрү алмашылса, Бирлик айылындагы жалпы билим берүү мектебине жаӊы ажаткана курулду.
«Түп айылындагы №1 «Бакыт» бала бакчасы 1971-жылы 175 орунга ылайыкталып пайдаланууга берилген. Акыркы мезгилдерден бери жеткинчектер электрондук кезекке туруу менен кабыл алынып жатышат. Быйыл орус жана кыргыз тилдүү кенже, орто жана улук тайпаларда 216 бала тарбияланууда.
Биздин эӊ чоӊ көйгөйүбүз — имараттын эскилиги, капиталдык оӊдоп-түзөөгө муктажбыз. Быйыл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыл өкмөттүн бюджетинен 2 миллион 993 миӊ сом бөлүп, канализация, таза суу түтүктөрү толугу менен жаӊыланды. Аны менен катар бала бакчадагы тайпаларда ажаткана жана жуунуучу жай оңдоодон өтүп, мугалимдер үчүн кошумча бирден даараткана коюлду. Мындан сырткары 2 тонналык таза сууну сактоочу челектер орнотулуп, ичүүчү сууну насос аркылуу тоскоолдуксуз пайдаланып жатабыз. Билим берүүдөгү көйгөйлөр акырындык менен чечилип келе жатканы бизди кубандырат», - деди жетекчи Раиса Исмаева.
Дал ушундай маселе С.Касымов атындагы «Жеткинчек» бала бакчада да колго алынды. Бөбөктөргө ыӊгайлуу шарт түзүлгөнүн айткан мекеменин мүдүрү Жаӊылкан Чыңызбаева төмөнкүлөргө токтолду.
«Биздин мекеме СССР маалында бала бакча болуп курулуп, кийин лицей катары окуучуларга тарбия берип келген экен. 2012-жылы бала бакчага кезек күтүү көйгөйү орун алып, бул имарат кайрадан бала бакча болуп уюштурулган. Азыркы күндө 170 орундуу имаратта 228 жеткинчек тарбияланып жатат.
Канализация маселеси чындыгында алгачкы жолу капиталдык оӊдоодон өттү. Түп айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 990 миӊ сом бөлүп берип, курулуш жакын арада аткарылып бүттү. Жогорудагы акча каражатка 5 тонналык суу топтоочу челектер, ашкананын кафелдери, балдар үчүн ажаткана, кол жуучу жай, жуунуучу жай, тарбиячылар үчүн даараткана жаӊыланды. Ошондой эле таза суу жана саркынды суу түтүктөр алмашылды.
Дагы жасала турган жумуштар көп, муктаждыктар четинен чечилип келе жатат. Учурдан пайдаланып күнүмдүк тиричиликке керектүү маселелерди жөнгө салып келе жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем», - деди ал.
Муну менен катар Түп айылындагы В.М.Кайкин жана А.Карымшаков атындагы, ошондой эле Шаты айылындагы Д.Молдогазиев атындагы жалпы билим берүү мектептерине 460 миӊ сомго тийиштүү эмеректер алып берилди.
«Билим берүү тармагына колдоо көргөзүнүн алкагында В.М.Кайкин атындагы мектепке 70 миӊ сом бөлүнүп, башталгыч класстар ашканадан ысык тамак ичүүгө отургуч алынып берилди.
Ал эми А.Карымшаков атындагы мектебинде агартуучуларды колдоо максатында бюджеттен 100 миӊ сом бөлүнүп ноутбук жана түстүү принтер тапшырылды.
Шатыдагы Д.Молдогазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин айланасын курчоого 250 миӊ сомго шаймандар алынып берилип, ашар жолу менен жумуш аткарылды. Буга кошумча 40 миӊ сомго окуу жайдын материалдык техникалык базасы чыӊдалды», - деп маалымдашты айыл өкмөттөн.
Билим берүү тармагын колдоо менен утурлай Бирлик айылындагы Бирлик жалпы орто билим берүү мектебине окуучулар үчүн жаӊы даараткана курулду. Ага Түп айыл аймагынын жергиликтүү казынасынан 529 миӊ 953 сом бөлүнгөн.
«Бирлик жалпы орто билим берүү мектеби 1968-жылы курулган. Бүгүнкү күндө билим уядан 258 окуучу окуп жатат. Быйыл сентябрь айында окуучулар үчүн пескоблоктон цементтелип жаӊы ажаткана курулду. Мурдагы даараткана жыгачтан салынгандыктан эскилиги жетип, урап калган», - деди мектептин директору Асел Муканбетова.