Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун борбору Түп айылында 2023-жылдын эсебинен бир катар инфраструктуралык шарттар жакшырды. Элеттеги ички жарыктандыруу, жашылдандыруу сыяктуу иштер жергиликтүү бюджет жана райондук өнүктүрүү фондунан каржыланды.
Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Чоркөзовдун айтымында, жаз алды менен райондогу борбордук сейил бак калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди.
«Түп айылындагы борбордук сейил бакчаны кайра калыбына келтирүүгө өткөн 2021-жылы долбоор иштелип чыккан. Анын алкагында жергиликтүү бюджеттен 1 млн 750 миң сом бөлүнүп, балдар ойноочу аянтча курулган. Быйыл жаз алды менен парк жеке ишкерлерге ижарага берилип, эс алуучуларга кошумча шарт түзүлдү. Быйыл маданий бардык иш-чаралар, майрамдар дал ушул паркта салтанаттуу белгиленди», - деди ал.
Муну менен катар бул жылы Түп айылындагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү посттун имараты оңдоп-түзөөдөн өттү. Ага жалпы Түп райондук өнүктүрүү фондунан 550 миң сом жумшалды. Аталган фонддон 1 миллион 480 миң сом бөлүнүп, жол коопсуздугун сактоо, кырсыктын алдын алуу максатында борбордук Манас көчөсүнөн Шеловец көчөсүнө чейинки 1 км 40 метр аралыкка эки тараптуу 26 даана жол чырак орнотулду. Дал ушундай жарыктандыруу тутуму жыл аягына чейин Түп айылынын чыгыш бөлүгүндөгү борбордук Түп—Токтоян унаа жолуна чейинки Манас көчөсүнүн 3 чакырымына эки тараптуу түнкү чырак күтүлүүдө. Жарыктандырууга утурлай түнкүсүн борбордук негизги көчөгө кооздук бере турган 10 даана стенд орнотуу колго алынып, ар бирине 49 миң сом керектелди.
Боронбай хандын эстелиги реконструкцияланып, ага райондук өнүктүрүү фондунан 659 миң 600 сом каралды. Натыйжада талкаланган эски кафелдер жаңыланып, таш таман төшөлүп, эстеликтин айланасы жакшыртылды. Ошондой эле айыл ичиндеги тазалыкты колго алуу максатында таштанды таштабоого ураан чакырган такталар менен чакан кутучалар орнотулду.
Айыл өкмөт башчынын орун басары Канатбек Курманалиевдин айтымында, 1 миллион 200 миң сомго 50 даана таштанды челекке буйрутма берилди. Ал мындан сырткары 2023-жылдын эсебинен аткарылган иштер менен тааныштырды.
«Быйыл Уркаш ата жаңы конушуна кызматтык үй салынган. Аталган турак үйлөр жайгашкан короо-жайга таш таман төшөөгө райондук өнүктүрүү фондунан 747 миң, 700 сом керектелди. Ушул эле фонддон 905 миң 400 сом бөлүнүп РИИБдин имаратынын тегерек чети курчалды. Түп айылы райондун жүзү болгондуктан инфратүзүмдүк шарттарды мындан ары да жакшыртууга бел байлайбыз. Техникалык ыкчам тейлөө максатында ички жумуштарды аткарууга муниципалдык ишканабыз жаңы техника менен толуктоого бел байлап жатабыз. Ага утурлай жакынкы күндөрү оор техника (жүктөгүч) толукталды. Ага райондук фонд 2 млн 603 миң сом бөлсө, жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 181 миң 400 сом сарпталды», -деп ал.