Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын 42 жаштагы тургуну Алмаз Дүйшөбаев жогорку салмакта эт берүүчү кой тукумун көбөйтүүдө. Учурда ал 180 килограмм салмактагы кочкор багып, жергиликтүүлөрдүн кызыгуусун арттырып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
А.Дүйшөбаевдин айтымында, асыл тукум мал багууга болгон кызыгуусу жакынкы жылдары ойгонуп, азыркы тапта тажрыйба топтоо аракетин көрүүдө.
«Мен 1981-жылы Тасма айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын ортончусу болом. Мектепте 11-классты аяктагандан кийин ата мекенге кызмат кылып, Каракол шаарындагы аскер бөлүктө 3 жылдай жүрдүм. Андан соң өзүмдүн кичи мекениме келип, ата-энеме каралашып, өмүрлүк жарым менен баш кошуп, үй-бүлө күттүм. Ошентип, атам энчилеп берген чакан малды көбөйтүп, келинчегим экөөбүз 3 уулду тарбиялап келе жатабыз», - деди ал.
Дээрлик 20 жылдай малдын санына басым жасап келген А.Дүйшөбаев өткөн жылы койдун тукумун жаңыртууну колго алган. Ал өз кезегинде базардан сындуу козу сатып алып, бүгүнкү күндө көпчүлүктү таң калтырып жатканын айтты.
«Үйдө чарба мал көп болгондуктан сапатын жакшыртуу иретинде 2021-жылы 2,5 айлык козу кочкор сатып алдым. Азыркыча айтканда Арашан тукумунан экен. Алгач көзүмө чоң көрүнүп, асыл тукум мал экен деп көңүл бурбадым. Бул боюнча буга чейин деле такыр кызыккан эмесмин. Кочкор чоңоюп, айылдаштардын назарын бурбай койгон жок. Быйыл сентябрь айында Каракол шаарында өткөн көргөзмөгө катышууга айылдын жаштары сунуштап кызыктырды. Анан катышып көрүүнү чечтим. Көргөзмөгө облус боюнча 200 баштан ашык кой чыгарылды. Ар кандай наам боюнча сынак жүрүп жатты. Бул кочкорду жогорку салмактагы категорияга кошуп коюшту. Ошондо эч күтпөгөн жерден меники эң оор салмактагы 180 килограммдык кочкор деп табылып, элге айылыбыздын аты чыкты. Чынын айтсам өтө сүйүнүп, сыймыктанып толкундандым. Айтайын дегеним буга чейин асыл тукум мал эмне экенине деле көңүл бурбай келгендиктен мен үчүн да жакшы тажрыйбалуу жаңылык болду. Анткени наам албаган Арашан койлору тукумга 10-15 миң доллар экенин угуп таң калдым», - деди ал.
Айылдын атын чыгарган асыл тукум кой кеминде 90-100 килограммга чейин таза салмакта эт берет. Багуу жолун өздөштүргөн жаш фермер төмөнкүлөргө токтолду.
«Арашан тукумундагы кой кадики малдан тоютту үч эсе көбүрөөк талап кылат экен. Ал эми экологиялык шартыбыз өтө ыңгайлуу экен. Бир күндө бир же эки жолу сыртка жетелеп чыгарабыз. Эки маал жем берип, бедеден сырткары кошумча сабиз, кызылча жейт. Азыркы тапта бою 1 метр 5 сантиметрди түзөт. Мисалы, жөнөкөй койдон 25-30 килограмм эт алынса, Арашан коюнан 60-70 килограмм таза эт алынуусу анык. Дыйкан фермерлерге айтарым, негизгиси сандан сапатка өтүү мезгилдин талабы экен. Андыктан жергиликтүүлөрдү асыл тукум мал кармоого чакырат элем», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.