Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 18.12.2014 17:04

Түп районунда 43 майып жаранга 7 миң 525 сомдук майрамдык сый тамак уюштурулду

Turmush -  Түп районунда майыптар күнүнө карата 1 айлыктын алкагында ишкана, уюмдар, жеке ишкерлер тарабынан ар кандай кайрымдуулук иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Түп райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, майыптар күнүнө карата 1 айлыктын алкагында ишкана, уюмдар, кайрымдуулук уюмдары, жеке ишкерлер тарабынан майрамдык кечелер, сый тамактар уюштурулуп, материалдык жардам, белектер, азык-түлүктөр, кийимдер берилди.

Маалым болгондой, 43 жаранга 7 миң 525 сомдук майрамдык сый тамак уюштурулса, 19 адамга 5 миң 400 сомго материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, 71 адамга 6 миң 500 сомго майрамдык белектер тапшырылды. Аны менен катар, 50 адамга 20 миң 820 сомго азык-түлүк, 18 адамга 9 миң сомго кийим алып берилди.

Мындан тышкары, 11 карыяга көмүр алуу үчүн 11 миң 600 сом берилип , 2 адамга 1 миң 100 сомго отун алып беришти. Ал эми, 6 кары адамга чарбасындагы жумуштарга кол кабыш кылышып, отунун жарып, короодогу карын тазалоого, суу ташып берүүгө көмөк көрсөтүлүп турду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×