Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 16.12.2014 18:15

Түп районунда майыптар күнүнө карата 1 айлык иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен 40 миң сомдой жумшалган

Turmush -  Түп районунда майыптар күнүнө карата 1 айлыктын алкагында болгон иш-чараларга райондун айыл аймактарынын бюджетинен 39 миң 100 сом жумшалган. Бул тууралуу Түп райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Түп районунда майыптар күнүнө карата жарыя кылынган 1 айлыктын алкагында райондун аймагында жашаган кары адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген 124 жаран кошумча социалдык жардам алышкан. Айыл аймактарынын бюджетинен бул максаттарга жалпы суммасы 29 миң 100 сом каражат бөлүнгөн.

Ал эми карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга баш аягы 83 жарандар үчүн концерт жана шахмат мелдешин өткөрүүгө, белек тапшырууга айыл аймактардын бюджетинен 10 миң сом сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×