Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.12.2014 18:04

Түп районунун Долон айылында хоккей боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  Түп районунун Долон айылында хоккей боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Түп райондук мамлекеттик администрациясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Түп районундагы Долон айылынын жаштар кеңешинин демилгеси менен айыл аймагындагы муз аянтында хоккей боюнча райондук мелдеш өтөт. Ага районун аймагынан 4 команда катышат.

Бул мелдешти каржылоо жагын райондук мамадминистрациясы өз милдетине алып 15 миң сом бөлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×