Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 12.12.2014 12:56

Түп районунун тургуну А.Абдыкалыков Ысык-Көл облусунун «Мыкты дарыгери» наамын алды

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын тургуну 1989- жылы туулган Акылбек Абдыкалыков Ысык-Көл облусунун «Мыкты дарыгери» деген наам алды. Бул туралуу КР Эмгек, миграция жаштар министрлигинин областагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыргал Абдыразаков билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. 

Ж. Абдыразаковдун айтымында, А.Абдыкалыковго өкүлчүлүк тарабынан «Жыл мыктысы-2014» лентасы, «Манас» китеби, диплом жана кыргыз чеберлери жасаган дубал сааты тапшырылды.

А. Абдыкалыков Түп райондук эмканасында айылында тиш доктур болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×