Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 10.12.2014 10:58

Түп айыл аймагынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аксакалдарды биометрикалык маалымат тапшыруу пунктуна жеткирүүдө

Turmush -  Ысык-Көлдө Түп айыл аймагынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аксакалдарды биометрикалык маалыматтарын тапшыруулары үчүн атайын жеткиришүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Түп айыл башкармалыгынын башчысы Советбек Исмаилов маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата 1 миң 50 адам өздүк маалыматтарын тапшырды. Бирок улгайган жарандардын көбү өз алдынча келе албагандыктан, жергиликтүү бийлик тарабынан аларды аталган пункка жеткирүү акциясы уюштурулду.

«Аксакалдарга мамлекет алдындагы милдетине жоопкерчилик менен карагандыгы үчүн эстеликке белектер берилүүдө», - деп кошумчалады башчы С.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×