Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 27.11.2014 14:55

Түп районунун Миң-Булак айылында мечит салынды

Turmush -  Түп районунун Миң-Булак айылында мечит курулду. Бул тууралуу Мин-Булак айылынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, Миң-Булак айылындагы мечит Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар ассоциациясынын каржылоосунда салынган. Мечиттин курулушуна айыл эли жапа тырмак катышкан. Алар кол күчүнөн жана тамак-аш жагынан колдоо көрсөтүп турушкан.

Жакында аталган мечтиттин ачылыш аземи болуп, ага Катар республикасынан келген Бүткүл Дүйнөлүк Жаштарассоциациясынын өкүлү Устаз Недал жана Ысык-Көл облустук казиятынын имам хатибдери катышты.

Меймандар ачылыш аземиндеги куттуктоо сөзүндө, айыл калкын мечиттин ачылышы менен куттуктап, жергиликтүү тургундар мечитке ар дайым келип сыйынып, иман жолуна түшөт деген ишенимдерин билдиришти.

Устаз Немал Кыргызстандын аймагында мечит куруу менен чектелбей Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар ассоциациясы аймактардагы 700дөй багар көрөрү жок балдарды каржылап жатканын маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×