Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.11.2014 13:56

Туптөгү Михайловка айылында «Ата-эне төрүбүздүн көркү» аттуу иш-чара өттү

Turmush -  Туп районунун Михайловка айылында «Ата-эне төрүбүздүн көркү» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Эмгек,миграция жана жаштар министрлигинин Түп райондук бөлүмү жана аялдар кеңешинин демилгеси менен мамлекетти бекемдөө жылына арналып өткөрүлдү.

Иш-чара салттуу үй-бүлө куруп, табигый жол менен балалуу болуу пропагандалоо жана үй-бүлөнүн мамлекеттин тиреги экениндигин көрсөтүү максатында өттү.

Иш-чаранын алкагында 30-40 жыл бирге жашаган үй-бүлөлөр чакырылып, аларга сый көрсөтүү менен бирге, жаш жубайларга нике күбөлүгүн тапшыруу аземи болду.

Михайловка айылынын аялдар кенеши, жаштар уюмдары иш-чаранын тарбиялык маанисин белгилеп, улантуу керектигин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×