Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 12.11.2014 10:42

Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагындагы Э.Мамырканов орто мектебинин спорт залы капиталдык ремонттон өткөрүлдү

Turmush -  Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагындагы Э.Мамырканов орто мектебинин спорт залы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул тууралуу Э.Мамыканов орто мектебинен маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл айыл аймагынын Э.Мамырканов орто мектебинде 300 ашык окуучулар билим алат. Анда 19 мугалим эмнектенет. Мектепти оңдоп-түзөөгө жалпысынан 3 миллион 300 миң сом жумшалган.

Спорт залдын салтанаттуу ачылышына катышкан ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоева мектепке музыкалык аспаптарды үн күчөткүчү, микрофондору менен белекке берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×