Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 07.11.2014 15:46

Түп районунун Ой- Тал айылынын мектебине Алматыдагы кыргыз диаспорасы ыр китептерди тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 7- ноябрда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Ой-Тал айылындагы Шаршеке Султанов атындагы орто мектебинин ачылышы аземинде Алматы шаарынан келген «Мурас» кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрүнүн калемине таандык ыр китептер жыйнагынан 3 китеп белекке беришти, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

«Мурас» кыргыз диаспорасынын өкүлү Ширин Искакованын айтымында, китепте чет жерде жүргөн мекендештерибиздин ырлары топтолгон.

«Мектептин ачылышына атайы 3 ыр китебин тапшырдык. Негизи областагы 30 мектепке бул китепти тараттык. Ар бир районго 5 тен китеп. Ал эми шаарларга 3 төн китеп бердик», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×