Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 07.11.2014 15:23

Фоторепортаж - Түп районунун Ой-Тал айылында вице-премьер Э.Сариева жана министр К.Садыковдун катышуусунда мектептин ачылышы болду

Turmush -  Бүгүн, 7- ноябрда Ысык- Көл областынын Түп районундагы Ой-Тал айылындагы Ш.Султанов атындагы орто мектебинин ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Иш чарага КРдин вице- премьер министри Элвира Сариева, Билим берүү министри Канат Садыков, ЖК депутаты Курманбек Дыйканбаев, өкмөттүн областагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева, жергиликтүү башкаруу органдары жана айыл тургундары, мектеп жаматы катышышты.

Мектепти курууга Ысык- Көл өнүктүрүү фондунан 35 млн сом бөлүнгөн. «Негизи мектептин жалпы сметалык баасы 53 млн сом. Учурда анын 35 млн өздөштүрдүк. Калган акчага мектептин айланасы көрктөндүрүп, спорт зал, аянтчалары курулат», - дейт Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкы адиси Рыспек Сыдыкбаев.

Мектепте жалпы 328 окуучу билим алып, 28 мугалим эмгектенет.

Бул мектеп 2011- жылы курулуп баштап, 3 жыл аралыгында бүттү. Ал эми мурдагы эски имараты 1968- жылы курулуп, эскилиги жеткен.

1

2

3

4

5

6

8

7

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×