Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 07.11.2014 13:33

Вице-премьер Э.Сариева Түп районунун Ой-Тал айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Turmush -  Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ой-Тал айылындагы Ш.Султанов атындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Э.Сариева мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, «Кенен класстар жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы мектеп — айылдыктар менен окуучулар үчүн белек. Мектеп 320 окуучуга ылайыкташтырылган. Ар бир жаңы мектептини ачылышы өзгөчө аймактарда жана айылдарда бизге оптимизм сезимин киргизген кубанычтуу окуя болуп саналат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×