Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 06.11.2014 10:01

Түп районунда эки күнөскана ачылды

Turmush -  Түп районунда эки күнөскана ачылды. Бул тууралуу Түп райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Түп районундагы Күрмөнтү айыл аймагындагы Баэл бала бакчасынын чарбасында 5 сотый жерге күнөскана түптөлдү. Күнөскана Кумтөр компаниясынын каржылоосу менен «Карагат+» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Курулуштун жалпы суммасы 1 миллион сом. Кечээ райондун жетекчилиги Кумтөр компаниясынын катышуусунда күнөскананын ачылыш аземи өттү.

Дагы бир күнөскананын ачылыш аземи райондун Ак-Булуӊ айылындагы «Мээрим булагы» балдар үйүнүн чарбасында болуп өттү. Күнөскананын курулушуна 10 млн сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×