Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 03.11.2014 18:35

Мамгеологиянын жетекчиси Д.Зилалиев Күрмөнтү кенине конкурстун жеңүүчүсүн жаңы завод курууну милдеттендирүүнү сунуштады

Turmush -  Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 3-ноябрда Күрмөнтү кени боюнча конкурстук комиссиянын жыйынында конкурстун жеңүүчүсүнө жаңы завод куруу милдетин жүктөөнү тапшырды.

«Биздин адистер ал жакта болушту, вице-премьер менен чогуу болушту, заводдун жабдыктарынын баары эскирген. Биз үч жуманын ичинде конкурстун шарттарын иштеп чыгышыбыз керек, дал шарттарда, жаңы завод курулушу керектигин жазышыбыз керек. Бул менин сунушум», - деди ал.

Анын айтымында, компания конкурсту 300 сомго эмес жана парага утуп албашы керек.

Ал белгилегнедей, Күрмөнтү заводу Борбордук Азияда уникалдуу деп эсептелет, бул жерде «600» үлгүсүндөгү цемент чыгарылат.

Ошондой эле, комиссия жетекчиси аймакты өнүктүрүү программасынын алкагында социалдык пакет иштеп чыгып, керектүү объектилерди гана киргизүүнү сунуштады.

Өз кезегинде КРнын экономика министрлигинин кен пайдалануу саясаты башкармалыгынын жетекчиси Адилет Акматалиев, жаңы завод боюнча жер маселеси бар экенин билдирди. Ал жерде жер жок, бул маселени караш керек, - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×