Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 29.10.2014 17:17

Балыкчы шаарында, Бөкөнбаев, Түп жана башка айрым айылдарда 3-4 саатка өчүрүүлөр болуп жатканын жергиликтүүлөр билдирүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунда электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты, билдирет аймактык кабарчы.

Облусттук өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлеринин айтымында, кыш мезгилинде кезеги менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Алар калк менен жолугушуу учурунда электр энергиясына болгон чектөөлөр ашыкча энергияны сарптоолор аныкталган райондордо график боюнча жүргүзүлөт деп эскертишүүдө.

Жергиликтүү калк мезгил мезгили менен 3-4 саатка өчүрүүлөр болуп жатканын айтышууда. Өчүрүүлөр Балыкчы шаарында, Бөкөнбаев айылында, Түптө жана айрым айылдарда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×