Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 29.10.2014 12:44

Түп районунун жашоочулары ноябрь айынан тарта кышкыга көмүрдү активдүү сатып ала башташат, - акимдин орун басары Р.Тюпеев

Turmush -  Түп районунун жашоочулары ноябрь айынан тарта кышкыга көмүрдү активдүү сатып ала башташат. Бул тууралуу Түп районунун акиминин орун басары Руслан Тюпеев билдирди.

Ал белгилегендей, райондун көмүргө болгон муктаждыгы бүгүнкү күндө 10 миң тоннаны түзөт, бирок жарандар болгону 3,5 миң тонна гана камдашты.

«Учурда ар бир айылда көмүр сатуу боюнча пунктар бар. Ошондой эле көмүрдү кайдан жана кантип алуу боюнча кулактандыруулар илинди. Негизгии масса көмүрдү ноябрь айынан баштап сатып ала башташат. Бул тендеция ар бир жылы байкалат. Бул убакта баардыгы түшүмдөрүн жыйнап бүтүп, балдарын мектепке кышкыга даярдап, андан соң көмүр ала башташат», - деп билдирди ал.

Учурда райондун жашоочулары Казакстандын көмүрүнө, Кара-Кече, Шабыркүл көмүрүнө басым кылышат, алардын бир тоннасы 5 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×