Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 29.10.2014 11:27

Түп районундагы мектептерге керектелүүчү 455 тонна көмүрдөн 300 тоннасы жеткирилди

Turmush -  Түп районунун мектептерине жалпы көлөмдөн 65% көмүр жеткирилди. Райондук администрациясынын 29-октябрга берген маалыматы боюнча райондогу 14 мектеп көмүрдүн жардамы менен жылытылса, ага 455 тонна көмүр керектелет. Учурда 300 тонна жеткирилди.

«Райондун мектептерине Кара-Кече көмүрлөрүн алып келген эки жеткирүүчү бар. Дагы 169 тонна саламаттыкты сактоо мекемелерине керек. Аларга көмүр ФОМС аркылуу жеткирилүүдө. 114 тонна үй-бүлөлүк медициналык борбору жана ФАПтарга учурда алынып келинди, ошондой эле Түп райондук ооруканага 25 тонна көмүр жеткирилди. Ошондой эле, 30 тонна санитардык эпидемиологиялык станциясына жеткирилди», - деп билдиришти райондук акимиаттан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×