Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 29.10.2014 11:10

Түп районунда 22 мектепти көмүр менен жылытууга өткөрүү үчүн 22 млн сом керек, - акимдин орун басары Р.Тюпеев

Turmush -  Түп районунда 22 мектепти электр энергиясы менен жылытуудан отун менен жылытууга өткөрүү үчүн болжол менен 22 млн сом керек. Бул тууралуу Түп районунун акиминин орун басары Руслан Тюпеев билдирди.

Анын айтымында, райондо бүгүнкү күндө 36 мектеп бар, алардын 14ү гана кышкысын көмүр менен жылытылат. Калган 22 мектепке жылуулук электр энергиянын жардамы менен келет.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча бул мектептерди көмүр менен жылытууга өткөрүү үчүн болжол менен 22 млн сом керектелет. Себеби, кээ бир мектептердин имараттарында керамикалык батареялар турат, кээ бирлеринде буу казандарын, көмүр үчүн кампа, жаңы жылытуучу түткчөлөрдү куруу зарылчылыгы турат», - деп билдирди акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×