Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 21.10.2014 10:05

Түп-Каракол унаажолунда «Aud-100» автоунаасынын ээси даракты сүзүп, айдоочунун буту автоунаанын эшигине кысылып калган

Turmush -  Түп районунда 21-октябрда саат 02:40 чамасында Түп-Каракол унаажолунун 17-чакырымында (мам. Номери S 6659 U) «Aud-100» үлгүсүндөгү автоунаасынын ээси рулду башкара албай, жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 21-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен айдоочунун буту автоунаанын эшигине кысылып калган. Ал 1974-жылы туулган Тогуз-Бай айылынын тургуну Садырбек Жакыпов билдирди.

Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин №15 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркаган адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×