Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 20.10.2014 17:52

Түп районунун Карасаев айыл аймагынын кеңсеси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө

Turmush -  Түп районунун Карасаев айыл аймагынын кеңсеси 2 млн 335 900 сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Түп райондук администрациясынан Муратбек Жумакадыров маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, «Ак-Суу строй» курулуш компаниясы Карасаев айыл аймагынын кеңсесин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүүдө.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган курулуштун жалпы суммасы 2 миллион 335 900 сомду түзөт. Бул курулушка Карасаев айыл өкмөтү 234 миң сом бөлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×