Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 20.10.2014 17:40

Мамлекеттик геология агенттигинин комиссиясы Түптө алтын иштеп чыгарган «Вилар Компани» ЖЧКнын лицензиясын кайра каттоодон баш тартты

Turmush -  Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселеси боюнча комиссиясы бүгүн, 20-октябрда «Вилар Компани» ЖЧКнын геологиялдк-издөө иштери үчүн лицензиясын кайра каттоодон баш тартты.

Мурдараак 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2457 лицензиянын ээси Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балгартский аянтында чачылма алтын иштеп чыгарган «Вилар Компани» ЖЧКсы геологиялык-изилдөө иштерине лицензиясын кайра каттоо тууралуу арыз берген.

Мындан баш тарткан комиссия Мамлекеттик агенттиктин бөлүмүнө паспортту аныктоо тапшырмасын берди.

Укук министрлигинин маалыматына ылайык, «Вилар Компани» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси - Турсунбеков Марат Турсунбекович. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү кымбат баалуу кендерди өндүрүү жана байытуу болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×