Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 20.10.2014 17:29

Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы күнөскананын кызматкерлери «Карагат+» фестивалына даярданышууда

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылында райондогу Билим борборунун демилгеси менен «Карагат+» долбоорунун алкагында бир сотых жерге күнөскана курулуп, ал 2013-жылдын сентябрь айында ишке берилген.

Күнөскананы курууга Кумтөр ишканасы тарабынан 475000 сом бөлүнгөн. Түп районунун Билим борборунун өздүк салымы 84000 сомду түзгөн.

Күнөсканада өткөн жылдын ноябрь айында себилген укроп,чамгыр, кыркма пияз, сельдерейдин биринчи түшүмү быйылкы жылдын январь айында сатыкка чыгарылган. Андан кийинки күнөскананы иштетүүнүн 2-циклында 200 түп «Милен» гибрид бадыраңдын сорту себилип, май айында сатыкка чыгарылган. Күнөскананын кызматкерлери азыркы учурда 2015-жылы Түп районунда өтө турган «Карагат+» фестивалына карата кызуу даярданышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×