Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 17.10.2014 17:25

Түп районунда -20 градус суукта жылуулукту кармоочу үйлөрду куруу пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда -20 градус суукта жылуулукту кармоочу үйлөрду куруу пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Түп районунун акими Ишен Кожалиев билдирди.

Анын айтымында, ал Швейцариянын курулуш компаниясы өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алар өзүлөрүнүн өлкөсүндө курулуп жаткан үйлөр менен таанышууга чакырышкан.

«Бизде кыш мезгили 6 айга созулат. Эгерде биз швейцариялыктардын ыкмасын колдонуу менен үй курсак, катуу отун менен катар электр энергиясын да үнөмдөйбүз. Анткени ал үйлөр -20 градус суукта да суукту өткөрбөйт», - деп билдирди Ишен Кожалиев.

Ошондой эле, ал бактардын кыйылбай тургандыгын белгилеп, мүмкүнчүлүк болсо, Швейцарияга барып, ал үйлөрдүн сапаты менен таанышып келерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×