Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 17.10.2014 17:24

Түштүк Кореянын ишкерлери Түп районунда дары өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн 20 млн $ бөлүүнү пландашууда

Turmush -  Түп райондук акимиаты менен Түштүк Кореянын ортосунда достук меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Түп районунун акими Ишен Кожалиев билдирди.

Ал белгилегендей, Түштүк Кореянын Ён Чон шаарынан Түп райондук мамлекеттик администрациясына иш сапары менен шаардын мэри Ким Ёнг Сок келген.

«Биз райондогу айыл чарба жана мал чарба тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койдук. Кол коюлган меморандумдун алкагында дарылоочу өсүмдүктөрдү жана күнөскана өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн алар тарабынан 20 млн доллар тартылат», - деп билдирди райондун башчысы.

Ошондой эле, бул жылы Түштүк Кореядан адистер Түп районуна келишип, эксперимент катары 5 гектар жерге кызыл мыя себишкен, анын түшүмүн алышып, анын дарылоочу сапатын баалап, биз менен кызматташууну чечишти.

Кайра иштеп чыгуучу цехтин курулушунан кийин жана аны пайдаланууга берген соң, анда Түп районунун жана Түп айылынын жашоочулары иштеп башташат.

Бирок, бул үчүн алардын кээ бири Түштүк Кореяга 3-4 айга окуу үчүн барышат. Алар келгенден кийин алар башкаларды үйрөтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×