Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 17.10.2014 16:15

Түп районунун Ынтымак айылындагы орто мектептин чатыры 700 миң сомго жаңыланды

Turmush -  Түп районунун Ынтымак айылындагы орто мектепте 700 миң сомго чатырын жабышты. Бул тууралуу Түп районунун акими Ишен Кожалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мектептин чатыры эски болгондуктан, жаан жана кар жааган учурда чатырдан суу акчу.

«Аталган көйгөй биринчи кезекте мектеп окуучуларынын окуусуна жана мугалимдерге да тоскоол болчу. Эми, бул көйгөй чечилди. Мектептин чатыры жаңыланып, эми эч кандай нымдуулук болбойт», - деди райондун акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×