Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 17.10.2014 13:49

Түп районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы мектептин чатырынан суу агып, толук жылыбайт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айыл аймагындагы мектептин чатырынан суу агат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына мектептин жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектеп 1970-жылы эски бала бакчанын имаратында ачылган. Имараттын эскилиги жетип, чатырынан суу агып турат.

Ошондой эле, жылуулук системасы да мектепти толук жылыта албайт.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келип, мектептин авариялык абалда экендигин белгилешкен.

Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги билдиргендей, облус бийлиги менен жакынкы арада 250 орундуу мектептин курулушун баштоо пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×