Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2014 16:26

Түп районундагы Карасаев айыл аймагында ички жолдор оңдолуп, Токтоян айылынын көчөлөрүнө жарык орнотулууда

Turmush -  Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджети 2014-жылы 1 млн 724 004 сомду түзгөн. Бул каражаттын 514 миң 600 сому Тасма, Чоң Тогузбай, Токтоян айылдарынын ички жолдоруна кум, шагыл төгүп жасоого, 110 миң сому Токтоян айылынын көчөлөрүнө түнкү жарык орнотууга жергиликтүү бюжеттин эсебинен которулган.

Маалыматка ылайык, тендер жарыяланып, Тасма айылынын жолдору 101 миң 400 сомго бүткөрүлгөн. Чоң Тогузбай айлынын ички жолдору 90 миң сомго жасалды. Токтоян айылындагы ички жолдорду бүткөрүүгө 74 миң 200 сомдук каражат сарпталган. Ал эми Токтоян айылынын көчөлөрүн түнкү жарык орнотуу жумуштары аяктап калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×