Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2014 16:04

Түп районунун Арал айылындагы Ж.Асанов атындагы орто мектеби райондогу «Эң мыкты мектеп» деп аталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асанов атындагы орто мектеби мыкты мектеп деп аталды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Түп районунун Арал айылындагы Ж.Асанов атындагы орто мектеби райондогу мектептер арасындагы сынакта «Эң мыкты мектеп» номинациясын жеңип алды.

Ж.Асанов атындагы орто мектепте 380 окуучу билим алат. Айылдагы билим очогунда балдарга билим тарбия берүүдө 28 мугалим эмгектенсе алардын ичинен 15 мугалим билим берүүнүн отличниги болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×