Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2014 10:35

Түп районунун Ой-Тал айылында 320 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Turmush -  Түп районунун Ой-Тал айылында 320 орундуу мектептин курулушу аяктады . Бул тууралуу Түп районунун башчысы Ишен Кожалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ой-Тал айылындагы эки кабаттуу имараттын курулушу аяктады.

«Курулуш иштерин Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Айылдагы балдар жаңы мектепке муктаж болчу. Себеби, эски мектеп типтүү мектеп болгон», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, ал жаңы имараттын курулушу 2010-жылы башталгандыгын жана ушул жылдын ноябрь айында анын расмий ачылышы боло тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×