Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.10.2014 13:55

Түп районунун Көөчү айылында демонстрациялык тилкедеги карагаттын көчөттөрү 100% өсүп чыкты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында демонстрациялык тилкедеги карагаттын көчөттөрү 100% өсүп чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Түп районундагы «Билим» кесиптик билим берүү борборунан маалымдашты.

Маалым болгондой, Түп районунун Көөчү айылында Кумтөр компаниясынын «Карагат+» долбоорунун алкагында «АВЕП» коомдук фондунун каржылоосу менен демонстрациялык тилкеси уюштурулган. Аларга жогорудагы аталган коомдук фонд тарабынан 34675 сом инвестиция жасалып, демонстрациялык тилкеге 33 даана тибет, рондон, тизель сортундагы Польшадан алып келинген карагаттын сорттору отургузулган. Белгилей кетсек, бүгүнкү кундө бул көчөттөр аймактын климаттык шарттарына ылайыкташып, 100% өсүп чыкты.

Кошумчалай кетсек, демонстрациялык тилкенин базасында карагат өстүрүүнү каалагандарга Түп райондук «Билим» кесиптик окутуу борборунун окутуучулары практикалык сабактарды өткөрүп турушат. Бүгүнкү күнгө чейин райондон 30 дыйкан окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×