Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.10.2014 13:33

Түп районунда кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон мекеме, уюмдар жана активдүү жарандар сыйланышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон мекеме, уюмдар жана активдүү жарандар «Ардак» грамоталары менен сыйланышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Түп райондук мамдаминистрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жарыялап, кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин сактоо менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана тил саясатын өркүндөтүүдө салым кошкон активдүү жарандар жана мекеме, уюмдар райаминистрациянын «Ардак» грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Маалым болгондой, «Адамзат ден-соолугу» коомдук уюмунун жетекчиси Муканбетов Максат, «Бакыт» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Шибакова, Түп токой чарбасынын башкы токойчусу Эсенбек Осмонакунов, Сары –Тологой айылынын К.Эгембердиев атындагы мектебинин кыргыз тил мугалими Гульсайра Арымбаева сыйланды..

Ал эми, сыйлыкка ээ болгон мекемелердин арасында иш кагаздарын кыргыз тилинде алып барган райондук суу чарба башкармалыгы, санэпидкөзөмөл борбору, Түп РИИБ, райондук социалдык бөлүм, Арал, Санташ, Ак-Булуң айыл аймактарынын эмгек жамааттары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×