Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.10.2014 18:51

Түп районундагы Тогуз-Булак айылында «Бөбөк» бала бакчасынын чатыры алмаштырылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылында «Бөбөк» бала бакчасынын чатыры алмаштырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы Жайлообай Бектурсунов билдирди.

Анын айтымында, бала бакчада 30дан ашуун бала тарбияланат, ошондой эле кийинки 2015-жылы эң кичине бөбөктөр үчүн тайпа ачуу пландалууда.

Маалым болгондой, мурда кар, жамгыр жааганда чатырдан суу таамып, аны улам сүрүп турууга туура келген.

«Мерсико долбоорунун алкагында 80 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 105 миң сом бөлдүк. Анын негизинде бала бакчанын сынып калган шифер чатырлары алмаштырылды. Ал эми, бүтүн калгандарын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими боюнча Тогуз-Булак айылынын орто мектебинин эски чатырын алмаштырууга беребиз», - деп билдирди айыл башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×