Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.10.2014 18:14

Түп-Кеген унаа жолуна жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн, курулуш иштери бүтпөй келет

Turmush -  Түп-Кеген унаа жолуна жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн, курулуш иштери бүтпөй келет. Бул тууралуу «Терра-Групп» ЖЧКсынын башчысы Жаныбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык маанидеги унаа жолдордун курулушу 2008-жылы башталган жана ошол убакыттан бери каржы каражаттарына байланыштуу бүтпөй келет.

«Биз ишти 9-10 айлап күтөбүз. Каражат абдан аз бөлүнүүдө, Эң көп дегенде 3 ай иштейбиз да кайра тынч болуп калат. Жакшы адистер жумуш туруктуу болбогондугуна байланыштуу башка жумушка кетип калышууда», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, анын айтымында эгерде курулуш иштерге каражат толугу менен бөлүнсө, куруу иштери эчак бүтмөк. Жумушчу күчтөр, тиешелүү техника көп болмок.

Жакынкы жылдары эл аралык маанидеги Түп-Кеген унаа жолунунун курулушу аяктаса, анда ал Казакстандан көптөгөн туристтерди жайында көлгө, ал эми кышында тоо лыжа базасына тартат. Муну менен Кыргызстанга белгилүү бир киреше түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×