Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.10.2014 12:28

Түп районунун «Мээрим булагы» балдар үйүндө үйлөнүү тою болду

Turmush -  Түп районунун «Мээрим булагы» балдар үйүндө үйлөнүү үлпөтү болду. Бул тууралуу балдар үйүнөн маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Түп районундагы «Мээрим булагы» балдар үйүндө Максат менен Азизанын баш кошконуна байланыштуу үйлөнүү үлпөтү болуп өттү. Ал үлпөттө кыз узатуу каадасы колдонулду. Чүйдөн келген кудалар балдар үйүнө келишип, Азизаны куда түшүп колдон алып кетишти.

«Азиза балдар үйүндө 6 жашынан бери тарбияланган. Жогорку окуу жайын бүтүрүп, кызматта иштеп өз алдынча болуп калды. Ал эми аталган балдар үйүндө учурда 128 бала тарбия алышат. Мындагы тарбияланган балдар балдар үйүнөн кеткен күндө да камкордукка алынып, ортодогу байланыш үзүлбөйт», - дешет «Мээрим булагынын» тарбиячылары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×