Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 03.10.2014 12:02

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра-унаажолу» бекетинин иштөө тартиби 1-ноябрга чейин узартылды

Turmush -  үЫсык-Көл облусундагы кыргыз-казак чек арасынын «Каркыра-унаажолу» өткөрүү бекетинин иштөө тартиби үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүн «Мамлекеттик чек аралардагы өткөрүү пунктары жөнүндө» келишимине ылайык, 2003-жылдын 25-декабрынан тартып «Каркыра-унаажолу» бекети көп тараптуу (эл аралык) автомобилдик көзөмөлдөп өткөрүү бекети болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан бул «Каркыра-унаажолу» өткөрүү бекети күндүзгү саат 08:30дан 18:30га чейин иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×