Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 01.10.2014 11:53

Ысык-Кѳл облусунун Түп районунда Казакстандын тургуну 5 кг марихуана менен кармалды

Turmush -  Ысык-Кѳл облусунун Түп районунда Казакстандын тургуну 5 килограмм марихуана менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Кѳл облустук ИИБнин басма сѳз кызматы билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, Казакстандын Кордай районунун Абылайхан айылынын тургуну Түп айылынын аймагында кара куурай жапайы банги ѳсүмдүгүн чогултуп жүргѳн жеринен кармалган. Анын жанындагы мүшѳктѳ 5 килограммдан ашыкча салмактагы марихуана бар экени аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×