Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.09.2014 13:20

Ысык-Көлдө 10 орто мектепте көмуз чертүү өнөрү 1-класстан тартып үйрөтүлөт

Turmush -  Ысык-Көлдүн мектептеринде комуз чертүү өнөрүнө 1-класстан тартып үйрөтүшөт. Бул тууралуу Түп районунун Жылуу-Булак мектебинен маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарында эл аралык Агахан фонду менен иш алып барган «Устат –Шакирт» коому Ысык-Көл облусунун аймагында мектептерге кыргыздын улуттук аспабы комузду үйрөтүү, кеӊири колдонуу маселесин колго алып, эл арасында комуз өнөрүн жайылтуу иш чараларын жүргүзүп келет.

Учурда облустун 10 мектептеринде комуз аспабын 1-класстан окутуу уюштурулган. Мындай класстар Түп районунун Жылуу-Булак айылдык орто мектебинде уюштурулуп, аларга «Устат-Шакирт» коому тарабынан 28 комуз бекер берилди.

Ага кошумча музыка сабагынын ишин жеӊилдетүү үчүн комуз күүлөрү жазылган дисктер, видео роликтер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×