Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.09.2014 17:24

Түп районунун Түп айылында 3 көчөгө асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында 3 көчөгө асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Түп айыл башкармалыгынын башчысы Советбек Исмаилов билдиргендей, 1 чакырым 365 метр жолду оңдоого жергиликтүү бюджеттен 6 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

«Тендер ийгиликтүү аяктап, бүгүн Элебаев, Осмонов жана Бооронбай көчөлөрүндө асфальт төшөө иштерине кириштик. Былтыр Элебаев көчөсүн асфальт төшөөгө даярдап койгонбуз», - деп билдирди С.Исмаилов.

Кошумчалай кетсек, Түп айылындагы жолдорду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында бүткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×