Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.09.2014 17:11

Түп районунун калкы үчүн орточо эсеп менен 10 миң тонна көмүр керектелет

Turmush -  Түп районунун калкы үчүн орточо эсеп менен 10 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Түп райондук админситрациясынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Кутургу, Талды-Суу айылдарында жана райондук борбор Түп айылында калк үчүн көмүр сатуу боюнча базалар бар.

«Кара-жыра көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң сомду түзөт, Шабыркүл — 4 миң 500 сом, Кара-кече 3 миң 500 сомдон болууда. Көмүрдү сатып алууда үйгө жеткирүү маселеси боюнча көйгөйлөр биздин айылдарда жок», - деп билдиришти райондук админситрациядан.

Белгилей кетсек, маалыматка ылайык, район боюнча 25 ФАП бар алар дагы өздөрүнүн системасы боюнча көмүр ала башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×