Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.09.2014 16:18

Ысык-Көлдүн Тюп районунда дан эгиндерин оруу 83%га аткарылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда дан эгиндерин оруу 83%га аткарылды. Бул тууралуу Түп районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Тюпеев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Түп району боюнча 32 миң 701 га аянтка айдоо жери бар. Анын 9 миң 755 гектарына буудай себилген.

«Азыр орточо эсеп 1 га жерден 19 центнер түшүм алып жатабыз. Так жыйынтыктар түшүм жыйналып бүткөн соң билдирилет», - деди Р.Тюпеев.

Маалым болгондой, түшүм жыйноо 7-10 күндүн ичинде толугу менен аяктайт.

Ал эми, 4 миң 377 гектар менен жерге картошка себилип, аларды казуу жакында эле башталды.

«Картошканын 50%ын казып бүтүштү. Бир гектардан 180 йентнер же 18 тонна түшүм алып жатабыз», - деп кошумчалады орун басар,
Белгилей кетсек, картошка, бул райондо 10-октябрга чеийн казылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×