Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.09.2014 16:12

Түп району боюнча мектептерге жылуулук берүү үчүн 455 тонна көмүр керек

Turmush -  Түп району боюнча мектептерге жылуулук берүү үчүн 455 тонна көмүр талап кылынат. Бул тууралуу Түп районунун акиминин орун басары Руслан Тюпеев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө райондо 36 мектеп бар, алардын 14ү көмүр менен калган 22 мектеп электр энергиясынын жардамы менен жылытылат.

«Бир тоннасы 3 миң 300 сомдон көмүр жеткирүүчүлөр менен баардык келишимдер түзүлдү, бул суммага ташып келүү, орунга чейин жеткирүү эсеби да киргизилген. Кара-Кече көмүрү райондун мектептерине жеткирилүүдө», - деп белгиледи акимдин орун басары.

Келишим боюнча көмүр ташуучулар ушул жылдын 1-ноябрына чейин көмүрдү жеткирип бүтүшү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×