Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 08.09.2014 13:42

Түп районунун Михайловка айыл аймагында 141 үй-бүлө жакырчылыкта жашайт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл аймагында 141 үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Михайловка айылындагы кызмат көрсөтүү борборунан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Михайловка айылында Европа Биримдиги жана БУУнун «Социалык акыйкаттуулукка жетүү, ак ниет башкарууну илгерилетүү» долбоорунун каржылык колдоосу менен кызмат көрсөтүү борбору ачылган.

Борбордо учурдун талабына шайкеш келген орг техникалар бар. Кызмат көрсөтүү борборунун кызматкерлери тарабынан 141 жакыр үй-бүлөлөрдүн ар бирине социалдык паспорт толтурулуп, алардын үй-бүлөлүк кирешелери эсептелип турат.

Алардын ичинен 34 үй-бүлө жана 31 мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм жөлөк пул менен камсыз болгон. Борбордун социалдык инспекторунун каттоосунда 9 жалгыз бой кары адамдар каттоодо турат. Алар борбордун кызматкерлери тарабынан камкордукка алынып турат.

Борбордун кийлигишүүсү менен Өнүктүрүү саясат институтунан 999 061 сом, ал эми «Мерсико» эл аралык уюмунан 350000 сом грант алынды. Кызмат көрсөтүү борбору жакыр үй-бүлөлөрдүн санын тактап, материалдык жардам беришет.

Жекече иш алып баруунун жыйынтыгы менен айыл тургундары С.Балпановго 20 000 сом, Н.Скрипникке 3000 сом, Г.Литовдун үй-бүлөсүнө 25000 сом акча каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×