Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 06.09.2014 12:51

Түп районунун 42 окуучусу жайкы эс алуу жайларында болуп кайтышты

Turmush -  Түп районунун 42 окуучусу жайкы эс алуу жайларында болуп кайтышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Түп районунун айыл аймактары жана профсоюз уюмдары тарабынан акча бөлүнүп, Ысык-Көл жээгиндеги «Улан» жана «Түп-Маяк» балдардын эс алуу лагерлеринде Түп району боюнча 42 бала ден соолуктарын чыңдап кайтышты.

Билим берүү профсоюзу тарабынан 14 окуучу, айыл аймактар тарабынан 28 бала эс алышкан. Эс алууга мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары тандалып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×