Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.08.2014 15:04

Түп районунда дан эгиндеринин түшүмү гектарына 22 центнерден айланууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда дан эгиндеринин түшүмү ар гектарына 22 центнерден айланууда. Бул тууралуу Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Түп району боюнча 32 миң 500 гектар жерге дан эгиндери айдалган. Анын 9 миң гектары арпа, калганы буудай. Райондо 10-августтан баштап оруп жыюу иштери жүрүүдө.

Башкармалыктын маалыматына таянсак, райондо дан эгиндерин жыйноочу 180 комбайн бар. Бул техникалардын баардыгы толук оңдолуп, ишке жарактуу. Бүгүнкү күндө 56 комбайн оруп жыюу иштерин жүргүзүүдө. Кылкандуу дан эгиндеринин ар бир гектарынан 22 центнерден түшүм алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×